Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VII кезектеги сессиясы
2025-жылдын 25-июлу № 7/9
“Мады айыл өкмөтүнүн салык адистеринин салык жыйымы боюнча маалыматы жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн салык адистеринин 2025-жылдын 6 айда чогултулган салыктар жана төлөмдөр боюнча берген маалыматын Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнүн салык адистеринин 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы салык жыйымдары боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн салык адистерине:
- Салык жыйымдарын пландалган көлөмдө камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтүү.
- Салык төлөөчүлөргө түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү.
- Салык төлөбөй жаткан жарандар жана уюмдар боюнча тиешелүү мыйзам чегинде чараларды көрүү тапшырылсын.
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы экономика, финансы, бюджет боюнча депутаттык туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| К.С.Темирбаев |