Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VII кезектеги сессиясы
2025-жылдын 25-июлу № 7/10
“Жергиликтүү салыктын кээ бир түрлөрүнө жана айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынын зоналдык коэффициентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын 11-июнунда жазган салыктын кээ бир түрлөрүн жана айыл чарба багындагы эмес жер салыгынын зоналдык коэффициентин 1,5 көтөрүү боюнча жазган сунуш катынын, Салык кодлексинин 488-беренесинин негизинде экономика финансы, бюджет боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мойдиновдун жана салык адиси Г.Маматованын билдирүүсүн угуп талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл аймагында тамарка короо жайларын жана дачалык жер учаскаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы 30 сом, таштандыларды ташып чыгуу жыйымдары үчүн 20 сом өлчөмүндө төлөмдөр белгиленсин.
2. Мады айыл аймагындагы жалпы айылдардын Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынын зоналдык коэффициенти 1,5 ке бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин экономика финансы, бюджет боюнча депутаттык туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| К.С.Темирбаев |