Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VII кезектеги сессиясы
2025-жылдын 25-июлу № 7/11
“Мады айыл аймагындагы Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин иштеткен ижарачылардын ижара акыларынын төлөмдөрү боюнча маалыматы жөнүндө”
Мады айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин иштеткен ижарачылардын ижара акыларынын төлөмдөрү боюнча К.Абдимуталиповдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин иштеткен ижарачылардын ижара акыларынын төлөмдөрү боюнча К.Абдимуталиповдун маалыматы эске алынсын.
2. Мады айыл өкмөтүнүн башчысына ижара акыларынын төлөнүшү боюнча квартал сайын анализдеп, мониторинг жүргүзүү жана ижара акысын убагында төлөбөгөн ижарачыларга карата мыйзам чегинде чараларды көрүү (эскертүү берүү, келишимди токтотуу) жагы милдеттендирилсин.
3. Ижара акысынын түшүүсү боюнча ай сайын мониторинг жүргүзүү жана квартал сайын айылдык кеңешке маалымат берип туруу тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология, жаратылышты коргоо жана муниципалдык менчик, жеке менчик, мүлк, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаал боюнча депутаттык туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| К.С.Темирбаев |