Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VII кезектеги сессиясы
2025-жылдын 25-июлу № 7/12
“Мады айыл аймагына караштуу Социализм айылындагы Сай көчөсүн капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн асфальт төшөөгө уруксат берүү жөнүндө”
Мады айыл аймагына караштуу Социализм айылындагы Сай көчөсүн капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн 1150 метр аралыгына асфальт төшөө үчүн айылдык кеңешинин депутаты Мойдинов Зарипбектин маалыматын угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл аймагына караштуу Социализм айылынын Сай көчөсүнө 1150 метр аралыгына асфальт төшөөгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын жана Сай көчөсүнүн чек араларын тактоо мыйзам чегинде жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчы Т.Т.Токтосуновко жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөгө алуу жагы айылдык кеңештин инвестициялар ишкердик, соода жана тышкы экономикалык байланыштар коомдук уюмдар менен иштөө боюнча депутаттык туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| К.С.Темирбаев |