Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VII кезектеги сессиясы
2025-жылдын 25-июлу № 7/13
“Мады айыл аймагына караштуу “Шайыр” балдар бакчасынын филиалын, “Ханбийке” балдар бакчасына кошумча тайпа ачуу жөнүндө жана Кызыл-Тал айылынын тургуну Акматова Уларкандын үйүнө бала бакча ачууга урук берүү жөнүндө”
Мады айыл аймагына караштуу “Шайыр” балдар бакчасынын филиалын, “Ханбийке” балдар бакчасына кошумча тайпа ачуу жөнүндө жана Мады айыл өкмөт башчысынын 2025-жылдын 11-июнь №193 сандуу билдирүү катында Кызыл-Тал айылынын тургуну Акматова Уларкандын үйүнө бала бакча ачууга урук берүү жөнүндө айылдык кеңештин Жаштар иштери, спорт, маданият, билим, социалдык маселелер жана Мыйзамдуулук укук, тартипти сактоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча депутаттык туруктуу комиссиялардын 2025-жылдын 18-июль кошмо отурумунда каралып, комиссиялар тарабынан жеринен таанышуу жана талдоо жүргүзүлүп, тиешелүү чечим кабыл алынгандыгы жөнүндо туруктуу комиссиянын төрайымы Ө.Каликулова маалыматын угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ханбийке балдар бакчасына кошумча тайпа ачылбасын жана учурдагы кенже тайпасын жабылсын деп сунушталсын.
2. Шайыр балдар бакчасынын филиалын ачууга уруксат берилбесин.
3. Кызыл-Тал айылынын тургуну Акматова Уларкандын үйүнө мамлекеттик бала бакча ачууга уруксат берилбесин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Жаштар иштери, спорт, маданият, билим, социалдык маселелер жана Мыйзамдуулук укук, тартипти сактоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча депутаттык туруктуу комиссияларга жүктөлсүн.
Төрага |
| К.С.Темирбаев |