Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VII кезектеги сессиясы
2025-жылдын 25-июлу № 7/14
“Мады айыл аймагына караштуу Кыргыз-Чек айылынын Назир уулу Байыш көчөсүнө тратуар курууга макулдук берүү жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек айылынын Назир уулу Байыш көчөсүнө тратуар курууга макулдук берүү жөнүндө айылдык кеңештин төрагасы К.Темирбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл аймагына караштуу Кыргыз-Чек айылынын Назир уулу Байыш көчөсүнө 1050 метр аралыгына тратуар курууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын жана Назир уулу Байыш көчөсүнүн чек араларын тактоо мыйзам чегинде жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчы Т.Т.Токтосуновко жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөгө алуу жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
| К.С.Темирбаев |