Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы
2025-жылдын 6-августу № 8/1
“Мады айыл өкмөтүнө техника алуу жөнүндө”
Мады айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-июлундагы №633 тескемесинин негизинде “Мамлекеттик лизинг компаниясы” тарабынан лизингке “Шевролет-треккер” кызматтык автоунаа сатып алуу жөнүндө айыл өкмөт башчы Т.Т.Токтосуновдун маалыматын угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” тарабынан лизингке “Шевролет-треккер” кызматтык автоунаа алынсын.
2. Алынган автоунааларды лизинг бүткүл мезгилине камсыздандыруу жана лизингке алынган техникаларды өз эсебинен башка чыгашалардын акча каражаты каралсын.
3. Кызматтык автоунаанын төлөмдөрүн 5 жыл аралыгында төлөө жагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин.
4. “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол коюу укугу айыл өкмөтүнүн башчысы Токтосунов Тагдырбек Токтосуновичке милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин экономика, финансы, бюджет боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.С.Темирбаев |