Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-сентябры № 94
Миң-Булак айыл аймагындагы китепканаларды
оптималдаштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №624-буйругуна ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары – жооптуу катчы М.Ж.Жылдызбековдун маалыматын угуп чыгып, айылдык кенештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12-сентябрындагы корутундусунун негизинде, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана китеп фондун сактоо максатында, Миң-Булак айыл аймагынын кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл аймагындагы китепканаларды оптималдаштыруу иш-чараларынын алкагында, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн балансында турган төмөнкү айылдык китепканалары жоюулсун:
•Беш-Корук айылынын айылдык китепканасы;
•Александровка айылынын айылдык китепканасы;
•Садовое айылынын айылдык китепканасы;
•Заря айылынын айылдык китепканасы.
2. Жоюлган китепканалардын китеп фонду Миң-Булак айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин мектеп китепканаларына өткөрүлүп берилсин.
3. Миң-Булак айыл өкмөтү:
•китеп фондун кабыл алуу-тапшыруу боюнча комиссия түзсүн;
•китепканалардын мүлкүн инвентаризациядан өткөрүп, жоюу боюнча документтерди камсыз кылсын;
•2025-жылдын 1-декабрына чейин Сретенка айылынын айылдык китепканасын сактоого тийиш китепканалардын тизмесине киргизсин.
4. Жоюу иш-чараларын өткөрүү жана өткөрүлүп берилген китеп фондунун сакталуусун камсыз кылуу жоопкерчилиги Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.С.Раимкуловко жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Булазова Г.Т. |