Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-сентябры № 93
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 17-январындагы №39 «Айыл чарбага жерлеринин мамлекеттик фондунун жер тилкелерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы №241 «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Лугма П.И.нин маалыматын угуп жана айылдык кенештин агрардык-жер маселелери, суу менен камсыздоо, жайыт жана мал чарбачылыгы боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12-сентябрындагы корутундусунун негизинде, кадрдык өзгөртүүлөргө байланыштуу, Миң-Булак айыл аймагынын кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы № 39 «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Жогорудагы токтомдун 1-пункту төмөнкүдөй жаңы редакцияда баяндалсын:
•Жер комиссиясынын төрагасы – Шамуза Сулейман Харсанович;
•Жер комиссиясынын катчысы – Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары – жооптуу катчысы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
•Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы;
•Асанов Тагай Талайбекович – айылдык кенештин депутаты;
•Сатаров Тимур Кашкаевич – айылдык кенештин депутаты;
•Арбуду Шамиль Керимович – айылдык кенештин депутаты;
•Муваза Сульмане Хусеевич – айылдык кенештин депутаты;
•Миң-Булак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси;
•Миң-Булак айыл өкмөтүнүн мал чарбачылык боюнча адиси;
•Агрардык өнүгүү башкармалыгынын өкүлү (макулдашуу боюнча).
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин агрардык-жер маселелери, суу менен камсыздоо, жайыт жана мал чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Булазова Г.Т. |