Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-сентябры № 97
Жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, айылдык кенештин Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлк жана жер тилкелерин берүү жана сатуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12-сентябрындагы корутундусуна ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси П.И.Лугманын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Миң-Булак айыл аймагынын кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнө төмөнкү жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин:
• Садовое айылында, Украинская көчөсү, үй номуру жок, жалпы аянты 357 чарчы метр болгон жер тилкеси.
2. Миң-Булак айыл өкмөтү:
• мыйзамда белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдан муниципалдык менчик укугун мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү камсыз кылсын;
• кабыл алынган жер тилкесин муниципалдык менчиктин реестрине киргизсин.
3. Бардык зарыл болгон документтерди өз учурунда расмий тариздөөнүн жоопкерчилиги Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлк жана жер тилкелерин берүү жана сатуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Булазова Г.Т. |