Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-сентябры № 98
Миң-Булак айыл аймагынын жаштар өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары – жооптуу катчысы М.Ж.Жылдызбековдун маалыматын угуп жана айылдык кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык-маданий маселелер, спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12-сентябрындагы корутундусуна ылайык, жаштардын коомдук турмушка, маданий жана спорттук иш-чараларга активдүү катышуусун камсыз кылуу максатында, Миң-Булак айыл аймагынын кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Миң-Булак айыл аймагынын жаштардын өнүгүү планы 2025-2027-жылдарга тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Миң-Булак айыл өкмөтү пландын ишке ашырылышын камсыз кылсын жана анын аткарылышын көзөмөлдөсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык-маданий маселелер, спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Булазова Г.Т. |