Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-сентябры № 99
Миң-Булак айыл аймагы боюнча №7273, 7274, 7275, 7276, 7277, 7278, 7279, 7280, 7281, 7282, 7283 аймактык шайлоо участкалык комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча жыйындардын протоколдорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-июнундагы №62 «Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, айылдык кенештин жооптуу катчысы З.С.Байгазиеванын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Миң-Булак айыл аймагынын кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймактагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча жыйындардын протоколдору жана маалыматтары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй–Бишкек юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык-маданий маселелер, спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Булазова Г.Т. |