Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-октябры № 102
Мин-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамына
татыктуу жарандардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине, ошондой эле «Мин-Булак айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобого ылайык, белгиленген наамды ыйгаруу боюнча сунуштарды кароо комиссиясынын төрайымынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Мин-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамына татыктуу жарандардын тизмеси №1 тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом мындан аркы тиешелүү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди салтанаттуу тапшыруу үчүн Мин-Булак айыл өкмөтүнө жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын айылдык кеңешинин төрайымынын орун басарлары көзөмөлүнө алышсын.
Төрайым |
| Булазова Г.Т. |