Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-октябры № 103
IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомчулуктун курултайын чакыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы №188 «Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына, 2025-жылдын 25-сентябрындагы №1-протоколуна (IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны), ошондой эле III Элдик Курултайдын Улуттук Кеңеши тарабынан кабыл алынган Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө Жобого ылайык, Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» 2025-жылдын 23-сентябрындагы №188 Жарлыгын аткарууга жана жетекчиликке алуу үчүн кабыл алынсын.
2. IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомчулуктун курултайы 2025-жылдын 1-ноябрында саат 10:00дө Садовое айылындагы “Колхозчулар сарайында” чакырылсын.
3. Мин-Булак айыл аймагы боюнча жергиликтүү коомчулуктун курултайынын делегаттарынын нормасын калктын жалпы саны – 35152 адамга ылайык, 150 делегат деп бекитилсин.
Айылдар боюнча бөлүнүшү төмөнкүчө:
•Александровка айылы – 60 делегат;
•Крупское айылы – 10 делегат;
•Беш-Корук айылы – 10 делегат;
•Садовое айылы – 45 делегат;
•Сретенка айылы – 15 делегат;
•Заря айылы – 5 делегат;
•Большевик айылы – 5 делегат.
4. Мин-Булак айыл аймагы боюнча IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо максатында жергиликтүү коомчулуктун курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Делегаттарды шайлоо үчүн жыйындарды өткөрүүгө жооптуу депутаттардын тизмеси №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Делегаттарды шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүү графиги №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү өзүмө калтырам.
Төрайым |
| Булазова Г.Т. |