Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 6-февралы № 11/1
Комсомол айылынын географиялык аталышын өзгөртүү жөнүндө
Комсомол айылынын аталышын өзгөртүү жөнүндө, жалпы айыл тургундарынын 2026-жыл 6-февралдагы №1 протоколунун эске алуу менен, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39-беренелерине ылайык, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 Токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү маселелерин кароо тартиби жөнүндө» Жобонун 2-главасына ылайык, Нарын облусунун, Кочкор районунун, Комсомол айылынын аталышы “Каракол” айылы деп өзгөртүлсүн.
2.Аталган токтом тиешелүү мамлекеттик органдарга (Административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссияга) кароо жана бекитүү үчүн жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Карбозовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Молдогазиев |