Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 16-февралы № 12/3
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата бош калган каражатын пайдалануу жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата бюджеттик счеттон бош калган 699,6 миң сом акча каражатын, атайын счеттон бош калган 370,174 миң сом (аппарат 0,547миң сом ; бала-бакча 369,627миң сом) акча каражатын чыгымдоо беренелерге бөлүштүрүү боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М. Мурзабекованын жана Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет-экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Н. Боржубаевдин билдирүүсүн угуп Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата бош калган акча каражаттары төмөндөгү чыгыштоо статьяларга бөлүнсүн.
А) Бюджеттик счеттогу каражат: миң сом
Беренелер,чыгаша түрлөрү | Аппарат | Китеп-кана | Клуб | Мектеп | Бала-бакча | Жайыт | Жыйын-тыгы |
2222 Жабдууларды жана материалдарды сатып алуу | 0 | 0 | 0 | 699,6 | 0 | 0 | 699,6 |
Баары | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 699,6 |
Б) Атайын счеттогу каражат:
№ | Бөлүм | Чыгымдын аталышы | Статья ж/а элементи | Сумма миң сом |
1 | 70111 - Аппарат | Ар кандай чыгым | 22154900 | 0,547 |
2 | 70911- Бала-бакча | Тамак-аш | 22181100 | 369,627 |
| баары |
|
| 370,174 |
2. Жогорудагы бош калган акча каражаттары бөлүнгөн мекемелердин мекеме башчыларына, демилгелүү топтор менен биргеликте бөлүштүрүү тиркемесине ылайык, тийиштүү документтерин айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сатып алуу бөлүмүнө тапшыруу жагы милдеттендирилсин.
3. Сатып алуу бөлүмү мамлекеттик сатып алуу порталына конкурс жарыялап, конкурстук комиссия сатып алуу мыйзамына ылайык жеңүүчүнү аныктасын.
4. Тийиштүү документтер бүткөндөн кийин айыл өкмөт башчысы түзгөн келишимге ылайык бош калган акча каражатын, көрсөтүлгөн статьядан которуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М. Мурзабековага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Молдогазиев |