Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 11-марты № 10
2025-жылдын 29-октябрындагы № 8-1 токтому менен бекитилген Ат-Башы айыл аймагынын 2025-2030-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасына толуктоолорду киргизүү жана Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун алкагында каржылоого сунушталган чакан долбоор тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылып жаткан “Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорунун”талаптарына, Жумушчу топтун 23-февраль2026-жылдагыпротоколуна, коомдук угуунун жыйынтыгына таянып Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Ат-Башы айыл аймагынын курамына кирген айылдарда Жумушчу топ тарабынан өткөрүлгөн фокус топтук талкуулоонун жана айылдарда онлайн аркылуу талкуулоо жана добуш берүүнүн жыйынтыгында аныкталган көйгөйлөр жана сунуштар талкууланып жумушчу топтун протоколундагы тизме боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-октябрындагы № 8-1 токтому менен бекитилген Ат-Башы айыл аймагынын 2025–2030-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын тийиштүү бөлүмдөрүнө 1-тиркемеге ылайык толуктоолор киргизилсин.
2.Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоорунун (НПИС) алкагында каржылоо үчүн Социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын иш-аракеттер планына ылайык төмөнкү чакан долбоор сунушталсын:
-Социалдык инфраструктуралык чакан долбоордун аталышы: «Ача-Кайыңды айылына 50 орундуу бала бакча куруу»
-Экономикалык багыттын аталышы: «Ат-Башы айылына бал иштетүүчү логистикалык борбор ачуу.
3. Айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
3.1 Социалдык инфраструктуралык чакан долбоор боюнча зарыл болгон документтердин топтому даярдалып, АРИСке жөнөтүлсүн;
3.2. Долбоор тарабынан бөлүнө турган акча каражаты жетпей калган учурда жергиликтүү бюджеттен кош каржылоо камсыз кылынсын;
3.3. Чакан долбоорду ишке ашырууда ачык-айкындуулук жана коомчулукту маалымдоо камсыз кылынсын.
3.4. Экономикалык багыт боюнча Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоордун конкурсуна тийиштүү документтер даярдалып тапшырылсын.
4. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Мелис уулу У. |