БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ ХХII–СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2026-жылдын 10-апрель айы №107
Мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке
кабыл алуу жөнүндө
Балыкчы шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 13-мартындагы №01-13/924 кайрылуусунун негизинде, шаардык кенештин алдындагы муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Балыкчы шаарындагы Нарын шоссе 32 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду №2-07-04-0004-0205 аянты 0,72га жер тилкесин, мамлекеттик менчик объекттерин Балыкчы шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
- Балыкчы шаарынын мэриясына:
-аталган обьектини муниципалдык менчикке өткөрүп алууга карата укук белгилөөчү иш кагаздарын даярдап каттоодо мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.
- Ушул токтом тиркемеси менен кошо Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий веб- сайтында https://balykchy.gov.kg жарыялансын.
- Мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук акты каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев