Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 11-марты № 10
2025-жылдын 29-октябрындагы №8-1 токтому менен бекитилген Ат-Башы айыл аймагынын 2025-2030-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасына толуктоолорду киргизүү жана Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун алкагында каржылоого сунушталган чакан долбоор тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылып жаткан “Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорунун”талаптарына, Жумушчу топтун 23-февраль2026-жылдагыпротоколуна, коомдук угуунун жыйынтыгына таянып Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ат-Башы айыл аймагынын курамына кирген айылдарда Жумушчу топ тарабынан өткөрүлгөн фокус топтук талкуулоонун жана айылдарда онлайн аркылуу талкуулоо жана добуш берүүнүн жыйынтыгында аныкталган көйгөйлөр жана сунуштар талкууланып жумушчу топтун протоколундагы тизме боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-октябрындагы №8-1 токтому менен бекитилген Ат-Башы айыл аймагынын 2025–2030-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын тийиштүү бөлүмдөрүнө 1-тиркемеге ылайык толуктоолор киргизилсин.
2. Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоорунун (НПИС) алкагында каржылоо үчүн Социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын иш-аракеттер планына ылайык төмөнкү чакан долбоор сунушталсын:
-Социалдык инфраструктуралык чакан долбоордун аталышы: «Ача-Кайыңды айылына 50 орундуу бала бакча куруу»
-Экономикалык багыттын аталышы: «Ат-Башы айылына бал иштетүүчү логистикалык борбор ачуу»;
3. Айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
3.1 Социалдык инфраструктуралык чакан долбоор боюнча зарыл болгон документтердин топтому даярдалып, АРИСке жөнөтүлсүн;
3.2. Долбоор тарабынан бөлүнө турган акча каражаты жетпей калган учурда жергиликтүү бюджеттен кош каржылоо камсыз кылынсын;
3.3. Чакан долбоорду ишке ашырууда ачык-айкындуулук жана коомчулукту маалымдоо камсыз кылынсын.
3.4. Экономикалык багыт боюнча Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоордун конкурсуна тийиштүү документтер даярдалып тапшырылсын.
4. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Мелис уулу У. |
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин
кезектеги XVIII сессиясынын 2026-жылдын
11-мартындагы №10 токтомуна 1-тиркеме
2025–2030-жылдарга карата Ат-Башы айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген толуктоолор
3.3. Жергиликтүү коомчулуктун артыкчылыктуу муктаждыктарын талдоо
| |||||||||
Приоритет | Мүмкүн болгон чаралардын жалпы сүрөттөлүшү | Күтүлгөн натыйжа жана убакыт | Болжолдуу наркы (миң сом ) | ||||||
4. Мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү | Ача-Кайыңды айылында 50 орундуу балдар бакчасын куруу
| 2026-2027 Бала-бакчага кезекке турган 50 баланын саны азаят, 12 жаңы жумушчу орун түзүлөт | 450 миң АКШ доллары | ||||||
Ак-Жар айылына жаңы бала-бакча куруу; | 2026-2029 | 80000,0 | |||||||
Ат-Башы айылына бала-бакча куруу | 2026-2030 | 80000,0 | |||||||
5. Орто билим берүүнү өнүктүрүү | Ат-Башы айылына балдарга билим берүүчү борбор ачуу | 2026-2029 | 5000,0 | ||||||
Ат-Башы жана Ак-Жар айылдарына балдар ойноочу жай куруу | 2026-2028 | 1000,0 | |||||||
3.4. Социалдык жана жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө байланышкан бюджеттик инвестициялардын зарылдыгын талдоо | |||||||||
Инвестициялык артыкчылыктар | Мүмкүн болгон долбоорлордун жалпы сүрөттөлүшү | Күтүлгөн натыйжа жана убакыт | Наркы (миң сом ) | ||||||
Ача-Кайынды айылына таза суу киргизүү | Калкты таза суу менен камсыз кылуу | 2026-2029 | 70000,0 | ||||||
Ат-Башы айыл аймагына канализация киргизүү | Экологиялык коопсуздуктун, калктын ден-соолугун жашоо шартын өнүктүрүү | 2026-2030 |
| ||||||
Фаптарды ремонттоо | Калкты тейлөөдө жагымдуу шарттар түзүлөт | 2026-2029 | 1000,0 | ||||||
Ак-Жар айылына коомдук мончо куруу | Калкты тейлөөдө жагымдуу шарттар түзүлөт | 2026-2029 | 2000,0 | ||||||
4.3. Экономикалык өнүгүү муктаждыктарын талдоо (анын ичинде тике (жеке) инвестициялар | |||||||||
Приоритет | Мүмкүн болгон иш-чаралардын жана долбоорлордун жалпы сүрөттөлүшү | Күтүлгөн натыйжа жана убакыт | Болжолдуу наркы (миң сом ) | ||||||
Ат-Башы айылына бал иштетүүчү логистикалык борбор ачуу (шаймандары менен) | Бал иштетүүчу логистикалык борбор ачуу менен сапатты көзөмөлдөө,сактоо шарттарын оптималдаштыруу жана рынокко жеткирүү каналдарын эффективдүү уюштуруу | Балды экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт | 300 миң АКШ доллары | ||||||
Ача-Кайыңды айылына картошка иштетүүчү завод куруу | Эл жумуш менен камсыз болот,аймактын экономикасы өсөт | Картошка иштетүүчү завод куруу менен кызмат көрсөтүүлөргө шарт түзүүгө көмөктөшүү | 20000,0 | ||||||
Ак-Жар айылына бал өндүрүүчү ишкана куруу | Жумуш орундары пайда болуп,айыл эли үчүн кошумча киреше булагы түзүлөт. | Экологиялык таза азык алууга шарт түзүлөт. | 26000,0 | ||||||
Ак-Жар айылына картошка иштетүүчү цех куруу | Картошка иштетүүчү завод куруу менен кызмат көрсөтүүлөргө шарт түзүүгө көмөктөшүү | Эл жумуш менен камсыз болот,аймактын экономикасы өсөт. | 20000,0 | ||||||
Ак-Жар айылына тери, жүн иштетүү | Жүн менен тери кайра иштетүү боюнча кызыктар тарапка көмөктөшүү | Жүн менен тери чийки бойдон калбай,кошумча нарк жаратып,элге киреше алып келген продукцияга айланат.Жумушчу орундар түзүлөт | 18000,0млн АКШ доллары | ||||||
Ача-Кайынды айылына сүт азыктарын өндүрүу | Сүттү өндүрүү боюнча кызыктар тарапка көмөктөшүү | Эл табигый жана сапаттуу азык менен камсыз болот,дыйкандар сүтүн туруктуу өткөрөт,кошумча жумушчу орундар түзүлөт. | 40000,0 | ||||||
Ача-Кайыңды айылына тигүү цех куруу | Айылда тигүүчү цех иштетүү боюнча кызыктар тарапка көмөктөшүү | Натыйжада эл жумуш менен камсыз болуп.даяр подукция сатыкка чыгып.киреше түшөт. | 30000,0 | ||||||
Ача-Кайыңды айылына таштанды иштетүүчү цех куруу | Айылда чогултулган таштанды кайра иштетүүгө пластик,кагаз,металл иштетүүчү шаймандар орнотулат | Натыйжада таштанды азаят,экология 2026-2027-жылдар жакшырат,кошумча жумушчу орун түзүлөт. | 40000,0 | ||||||
Ат-Башы айылына кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү | Кызыктар тарапка көмөк көрсөтүү | Киреше булагы түзүлүп,маданий баалуулуктар сакталат.Жумушчу орун түзүлөт | 500,0 | ||||||
Ача-Кайынды айылына тери иштеткен ишкана куруу | Тери кайра иштетүү боюнча кызыктар тарапка көмөктөшүү |
Теринин баасы өсөт,жергиликтүү тургундарга жумушчу орун түзүлөт. | 30000,0 | ||||||
Ат-Башы айылына картошка иштетүүчү цех куруу | Картошка иштетүүчү завод куруу менен кызмат көрсөтүүлөргө шарт түзүүгө көмөктөшүү | Эл жумуш менен камсыз болот,аймактын экономикасы өсөт. | 20000,0 | ||||||
Ат-Башы айылына сүт иштетүүчү цех куруу | Сүттү өндүрүү боюнча кызыктар тарапка көмөктөшүү | Эл табигый жана сапаттуу азык менен камсыз болот,дыйкандар сүтүн туруктуу өткөрөт,кошумча жумушчу орундар түзүлөт. | 40000,0 | ||||||
Ат-Башы айылына жүн тери иштетүүчү цех куруу | Жүн менен тери кайра иштетүү боюнча кызыктар тарапка көмөктөшүү | Жүн менен тери чийки бойдон калбай,кошумча нарк жаратып,элге киреше алып келген продукцияга айланат.Жумушчу орундар түзүлөт | 20000,0 | ||||||
Ат-Башы айылына тигүүчү цех ачуу | Айылда чогултулган таштанды кайра иштетүүгө пластик, кагаз, металл иштетүүчү шаймандар орнотулат | 2026-2030-жылдар. Натыйжада таштанды азаят,экология жакшырат,кошумча жумушчу орун түзүлөт | 30000,0 | ||||||
Ат-Башы айылына кондитердик азыктарды иштетүүчү цех куруу | Айылда кондиердик азыктарды кайра штетүү боюнча кызыктар тарапка көмөк көрсөтүү | 2026-2030-жылдар. Жумушчу орундар түзүлүп,эл сапаттуу таттуу азык менен камсыз болот. | 10000,0 | ||||||
Ат-Башы айылына кой багуучу ферма уюштуруу | Кызыктар тарапка көмөк көрсөтүү | 2026-2030-жылдар. Натыйжада эл эт менен камсыз болуп,жүн-териден продукция чыгарылат. Жумушчу орундар түзүлөт. | 1000,0 | ||||||
Ача-Кайыңды айылына самын өндүрүүчү ишкана куруу | Самын өндүрүү боюнча кызыктар тарапка көмөктөшүү | 2026-2030-жылдар. Жергиликтүү элге киреше булагы түзүлөт, самын өндүрүү пайдалуу, кирешелүү иш. | 5000,0 | ||||||
Ат-Башы айылына балык чарбасын ачуу | Балык багуу боюнча кызыктар тарапка көмөк көрсөтүү | 2026-2030-жылдар. Эл таза балык менен камсыз болот.киреше булагы пайда болуп,жумушчу орундар түзүлөт. | 5000,0 | ||||||
5.3. Инклюзивдик өнүгүү муктаждыктарын талдоо
| |||||||||
Приоритет | Мүмкүн болгон чараларды жана долбоорлорду карап чыгуу | Күтүлгөн натыйжа жана убакыт | Болжолдуу наркы (миң сом ) | ||||||
Жакырчылыкты азайтуу үчүн калктын аялуу топторунун арасында өсүмдүк өстүрүү боюнча ар кандай тажрыйбаларды жайылтуу | Жаңы ыкмалар менен ар кандай дары чөптөрдү, чычырканак, мөмө жемиш,карагат өстүрүү боюнча тажрыйба алмашуу аркылуу киреше булактарын кеңейтүү | 2025-2030-ж | 200,0 | ||||||
НПИС долбоорунун алкагында «Киреше булактарын колдоо программасынын» окутууларына жана насаатчылык колдоосуна катышуу | Айылдык аймактагы аялдар, жаштар, аялуу топтор, кайтып келген мигранттар, фермерлер жана ишкерлер тобунун ишкердик жөндөмдүүлүгүн арттыруу | 2025-2030-ж | 1000,0 | ||||||
Бардык каражаттар жергиликтүү бюджеттен | 1600,0 | ||||||||
7.2. Учурдагы кырдаалды талдоо | |||||||||
Аймакта жашыл аянттар жетишсиз болуп, айлана-чөйрөнүн экологиялык абалына жана калктын ден соолугуна таасирин тийгизүүдө.Ошондуктан аймакты жашылдандыруу иштерин көбөйтүү зарылчылыгы байкалууда. Айылдарында сугат жетишсиздиги байкалат, айрым учурларды сел коркунучу да жаралат. Канал жана БСР куруу бул көйгөйлөрдү азайтып, тургундарды жана айыл чарба жерлерин туруктуу суу менен камсыздоого шарт түзөт.
| |||||||||
7.3. Экологиялык проблемалар | |||||||||
Артыкчылык | Мүмкүн болгон чаралардын жалпы сүрөттөлүшү | Күтүлгөн жыйынтыктар жана убакыт | Болжолдуу наркы (миң сом) | ||||||
Ак-Жар айылын жашылдандыруу | Жашылдандыруу айлана-чөйрөнү коргоого,калктын ден-соолугун жакшыртууга,социалдык жана эстетикалык пайда алып келет. | 2026-2030-ж |
| ||||||
Ача-Кайыңды жана Ак-Жар айылына БСР куруу, насос сугат жерлерин иштетүүгө | Ача-Кайынды жана Ак-Жар айылына канал,БСР куруу менен тургундардын жана айыл чарба жерлерин туруктуу таза суу менен камсыз болушуна,сел жана суу жетишсиздигин алдын алууга өбөлгө түзөт | 2026-2030-ж | 6000,0 | ||||||
БААРЫ | 12600,0 | ||||||||