Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 11-марты № 11
“Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун” алкагында биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылып жаткан “Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорунун”алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерге мониторинг жүргүзүү жана алардын аткарылышын баалоо максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.“Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун” алкагында жүргүзүлүүчү иштерге мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун курамы төмөндөгүдөй бекитилсин:
1) Алымбекова Акылай
2) Мамыралиев Максат
3) Макеева Майрамкүл
4) Бейшеева Сагынбүбү
5) Абитакунов Аскар
6) Токторбай уулу Акылбек
7) Арыналиев Жолдошбек
8) Жаныбек уулу Анарбек
2.Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу долбоорлордун аткарылышын көзөмөлдөп, жүргүзүлгөн иштер боюнча маалыматтарды белгиленген тартипте айылдык кеңешке жана айыл өкмөтүнө берип турсун.
3. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Мелис уулу У. |