Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 11-марты № 12
АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында Ача-Кайыңды айылына 50 орундуу бала бакча куруу үчүн жер аянтын сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, ошондой эле Ача-Кайыңды айылындагы социалдык инфраструктураны жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылып жаткан “Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорунун”алкагында айылдын өнүгүүсүнө байланышкан маселелерди чечүү максатында, айыл аймагында бала бакча куруу зарылдыгы аныкталгандыгына байланыштуу Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылып жаткан “Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорунун”алкагында Ача-Кайыңды айылына 50 орундуу бала бакча куруу сунушталсын.
2.Бала бакча куруу үчүн ылайыктуу жер катары Ача-Кайынды айылындагы төмөндөгү жер тилкелери Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) тандоосуна сунушталсын:
· Кыймылсыз мүлктүн бирдейлештирилген идентификациялык коду: 4-02-07-1001-0819 сандуу номериндеги Наркеев Имангазы №56 дарегинде жайгашкан 8000,0 чарчы метр жер аянтынын ичинен 1994-жылдагы “Кыргызгипрозем” институту тарабынан даярдалган инвентаризациялоо маалыматына ылайык №66 контурда “водозабор” багытындагы 0,50 га жер аянты;
· Кыймылсыз мүлктүн бирдейлештирилген идентификациялык коду: 4-02-07-1001-0762 сандуу номериндеги Токтогонов Боогачы №42 дарегинде жайгашкан “гараж” багытында муниципалдык менчиктеги 3553 чарчы метр жер аянты;
· Кыймылсыз мүлктүн бирдейлештирилген идентификациялык коду: 4-02-07-1001-0746 сандуу номериндеги Өмүралиев Дөөлөт №20 дарегинде жайгашкан “спорт аянтчасы” багытындагы муниципалдык менчиктеги 7519,06 чарчы метр жер аянтынын күн батыш тарабынан 3500,0 чарчы метр жер аянты.
3. Ат-Башы айыл өкмөтүнө тиешелүү документтерди даярдап, көрсөтүлгөн жер тилкелерин АРИС долбоорунун кароосуна расмий түрдө сунуштоо тапшырылсын жана АРИС доолбор тарабынан жактырылган жер аянтын багытын өзгөртүү үчүн 2011-жылдын 23-сентябры № 571 токтомунун “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү жобону бекитүү тууралуу комиссия менен биргеликте иш алып барышсын
4. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Мелис уулу У. |