Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
X чакырылыш
кезексиз XXIV сессия
2026-жылдын 9-марты №1
Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы жөнүндө
Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Н.Болотов өз каалоосу менен жазган арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 40-беренесине жана Манас шаардык депутаттар кеңешинин иштөө Регламентине ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXIV cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Н.Болотовдун арызы канааттандырылсын.
2. Манас шаардык кеңешинин төрагасы кызматына Талант уулу Аскат шайланды деп эсептелсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Айдарова Н.К |