Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
2026-жылдын 20-февралы №1/8
“ Жергиликтүү бюджеттен акча каражаты ажыратып берүү жөнүндө ”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин негизинде, айыл өкмөттүн башчысы П.Касымбековдун 2026-жылда айыл өкмөтүнүн бюджетин жана жылдык планын түзүүдө аймакта айылдарында өткөрүлгөн элдик жыйындарында аймак тургундары тарабынан берилген сунуштарын жана көйгөйлүү маселелери жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2026-жылдын 9-февралында өткөрүлгөн №1 отурумунун корутундусунун негизинде, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Баястан айылындагы кичүү футбол аянтчасынын курулушуна-5800,0 сом
-Ак-Коргон айылындагы кичүү футбол аянтчасынын чатырын куруу үчүн-2900,0сом
-Ак-Коргон айылындагы Ч.Айтматов көчөсүнүн жөө жүргүнчүлөр жолун куруу долбооруна-400,0 сом
-Падек айылындагы кичүү футбол аянтчасынын курулушуна-3000,0 сом
-Кызыл-Ата айылына балдар аянтчасы куруу үчүн-1000,0
-айыл аймактын айылдарында ички көчөлөрдү шагалдоо үчүн-500,0 сом
-айыл өкмөтүнө PORTER үлгүсүндө автоунаасы сатып алуу үчүн-1000,0 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен мыйзамга ылайык ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомго тиешелүү документтерин тактап берүү айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевге жүктөлсүн.
3.Ушул токтом айыл өкмөттүн “alabuka.kg” веб-сайтында жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчөрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартип күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Хамракулов |