Редакцияот 23.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

6-сессия

23-декабрь 2021-жыл №29/VI-28

 

Кант шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тамак-ашы үчүн төлөм акысын бекитүү жөнүндө

Кант шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана Кант шаарынын мэриясынын 15.12.2021-жылдагы №01-14/1036 - катын карап чыгып

 

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кант шаарындагы «Алтын-Уя» үй-бүлө тибиндеги үйүнүн, «Сюзен» жана «Үмүт» балдарды патронаттык-адаптациялоо борборлорунун тамак-ашына акы төлөөнүн өлчөмү күнүнө ар бир балага 200 (эки жүз) сомдон бекитилсин.

2. Кант шаарынын мэриясы тарабынан «Алтын-Уя» үй-бүлө тибиндеги үйүнүн, «Сюзен» жана «Үмүт» балдарды патронаттык-адаптациялоо борборлорунун тарбиялануучуларынын тамак-ашы үчүн күнүнө ар бир балага 200 (эки жүз) сом өлчөмүндө акча-каражаты төлөнүп берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Талантбек у. Каниет) жүктөлсүн.

 

 

Төрага

М.Бейшебаев