Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
2026-жылдын 20-февралы №1/9
“ Чанач-Сай” муниципалдык ишканасынын 2026-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө ”
“Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында “Чанач-Сай” муниципалдык ишканасынын эсепчиси Н.Амановдун муниципалдык ишкананын 2025-жылда аткарган иштери, 2026-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн түзүлүшүү жөнүндө берген маалыматтарын айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2026-жылдын 9-февралында өткөрүлгөн №1 отурумунун корутундусунун негизинде, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Чанач-Сай” муниципалдык ишканасынын 2026-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 5088,0 сомго, чыгаша бөлүгү 7088,0 сомго бекитилсин.
2. Муниципалдык ишкананын бюджетин толуктоо, ишин туруктуулугун камсыздоо үчүн жергиликтүү бюджеттин 2511беренесинен 2000,0 сом субсидия бөлүп берүүгө мыйзам чегинде макулдук берилсин.
3. Которулган каражаттарды максаттуу пайдалануу жана аткарылган жумуштар боюнча айылдык кеңешине маалымат берүү жагы муниципалдык ишкананын директору С.Абдиллаевге жүктөлсүн
4. Ушул токтом айыл өкмөттүн “alabuka.kg” веб-сайтында жарыялансын.
5. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчөрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартип күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Хамракулов |