Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
2026-жылдын 20-февралы №1/10
“Т.Балтагулов айыл аймагынын жайыт комитетинин 2026-жылга карата иш мерчемин бекитүү жөнүндө ”
Т.Балтагулов айыл аймагында жайыт комитетинин 2026-жылга карата түзүлгөн иш-мерчеми жөнүндө комитеттин төрагасы З.Рыскуловдун берген маалыматтарын айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2026-жылдын 9-февралында өткөрүлгөн №1 отурумунун корутундусунун негизинде, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Балтагулов айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы З.Рыскуловдун берген билдирүүсү эске алынсын жана 2026-жылга сунушталган иш-мерчемин тиркемеге ылайык бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомго ылайык иш алып баруу жана аткарылган иштери боюнча маалымат берип баруу жайыт комитетинин төрагасы З.Рыскуловго жүктөлсүн.
3. Ушул токтом айыл өкмөттүн “alabuka.kg” веб-сайтында жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчөрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартип күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Хамракулов |