Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
2026-жылдын 20-февралы №1/11
“Т.Балтагулов айыл аймагындагы Жайыт категориясындагы муниципалдык менчик жер тилкесин Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу суу чарбасынын объектилерин куруу боюнча дирекциясына өткөрүп берүү жөнүндө ”
Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 3-февралындагы №02-02/112 каты, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренеси, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде “Чанач-Сай” суу сактагычынын күнүмдүк жөнгө салуу көлмөсүн 2-этабын куруу үчүн курулуш иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу жана суу астында калуучу аймак катары аныкталган жер тилкесин максаттуу пайдалануу үчүн өткөрүп берүү зарылдыгын карап чыгып, айыл өкмөтүнүн башчысы П.Касымбековдун 2026-жылдын 6-февралындагы №01-5/12 сандуу кайрылуусунун негизинде айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 10-февралындагы №1 отурумунун протоколдук корутундусун талкуулап чыгып, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин Ала-Бука филиалы тарабынан берилген аныктаманын негизинде Т.Балтагулов айыл аймагынын жайыт категориясына кирген жалпы аянты 62,60 га болгон жер тилкеси “Чанач-Сай” күнүмдүк жөнгө салуу көлмөсүнүн 2-этабы объектисинин курулушуна байланыштуу суу астында калуучу аймак катары аныкталсын жана бөлүнгөн жер аянтынын ичинде курулуп калган коро сарайдар боюнча мыйзамдуу иш алып баруу айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
2. Көрсөтүлгөн жер тилкеси Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу суу чарбасынын объектилерин куруу боюнча дирекциясына туруктуу пайдаланууга (жээ оперативдик башкарууга) өткөрүп берүүгө мыйзам чегинде макулдук берилсин.
3. Жер тилкесин өткөрүп берүү боюнча тиешелүү кабыл алуу-өткөрүү актысы түзүлсүн.
4. Жер ресурстары, кадастр жана каттоо органдарында кайра каттоо иштерин жүргүзүү райондук суу чарба башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом айыл өкмөттүн “alabuka.kg” веб-сайтында жарыялансын.
6. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчөрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартип күчүнө кирет.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Хамракулов |