Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-декабры № 15/2
Жерге-Тал айылынын №3531 контурунда жайгашкан 1,0 га жер аянтынын 0,95га жерин таштанды таштоочу жай жана 0,05га жерин “Беккари” биометрикалык чункур жайгаштыруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы жер комиссиясынын 2025-жылдын 2-октябрындагы №01-4/134 “Ала-Буга айыл аймагындагы Жерге-Тал айылынын №3531 контурунда жайгашкан 1,0га жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө” буйругунун негизинде Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Буга айыл аймагынын Жерге-Тал айылындагы №3531 контурундагы жалпы 1,0га жер тилкеси мөөнөтсүз пайдаланууга алынсын.
2. Ала-Буга айыл аймагынын Жерге-Тал айылындагы №3531 контурундагы (жалпы 1,0га) өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясындагы жер тилкелери Жерге-Тал айылынын таштанды таштоочу жана “Беккари” биометрикалык чункурун жайгаштыруу үчүн бөлүнүп берилсин жана Ала-Буга айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
3. Токтомду аткарууга алуу Ала-Буга айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Сулаймановго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык мекемелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Бактыбай уулу Кубанычбек |