Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
X чакырылыш
кезектеги XXIII сессия
2026-жылдын 16-февралы №1
Манас шаарынын 2025-жыл ичинде социалдык-экономикалык
өнүгүүсүнүн абалы жөнүндө шаар мэринин отчетун угуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу оргнадары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 6-пунктчасынын негизинде, Манас шаарынын мэринин шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынан пайдаланылышы, шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларынын аткарылышы жөнүндө отчетун угуп, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын мэринин 2025-жылы аткарган иштери жөнүндө отчету канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кенештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | Болотов Н.Б. |