Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
2026-жылдын 20-февралы №1/12
“Т.Балтагулов айыл аймагындагы там арка (коро жай) жер салыгынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө ”
Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысы П.Касымбековдун 2026-жылдын 16-февралындагы №01-5/17, Республика боюнча баалардын өсүшүнө байланыштуу, айыл аймагынын социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртуу, жергиликтүү бюджетин көбөйтүү, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында там арка жер салыгын коэфицентин жогоруулатуга макулдук сурап жазган сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388-беренесине (жергиликтүү кеңештер тарабынан жер салыгынын ставкаларын белгилөө укугу) жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Балтагулов айыл аймагындагы жеке менчик там арка (коро-жай) жерлери үчүн жер салыгынын өлчөмү 1 (бир) сотих жер аянтына 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Айыл аймагы боюнча мурда колдонулуп келинген 1 (бир) сотих жер аянты үчүн 10 (он) сом өлчөмөндөгү төлөм күчүн жоготту деп табылсын.
3. Токтомго ылайык иш алып баруу айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом айыл өкмөттүн “alabuka.kg” веб-сайтында жарыялансын.
5. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчөрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартип күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Хамракулов |