Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-декабры № 15/3
Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңешинин
VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз XI-сессиясынын 2025-жылдын 24-сентябрындагы №11/5 токтомун жокко чыгаруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз XI-сессиясынын 2025-жылдын 24-сентябрындагы №11/5 токтому Ала-Буга айыл аймагынын Коңорчок айылындагы Сейдакмат көчөсүндѳгү №83 С.Кеңешов №85 Ш.Насырбаев үйлөрүнүн ортосундагы жерди Коңорчок айылынын тургуну, турак жай салууга жер үчүн кезекте турган, Таалайбеков Молдоакматка жалпы аянты 18 сотых жер жер берүү жөнүндө токтому мыйзамга туура келбегендиктен жокко чыгарылсын.
2. Таалайбеков Молдоакматка жалпы аянты 18 сотых жер берүү боюнча арызы Ала-Буга айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳн суралсын.
3. Токтомду аткарууга алуу Ала-Буга айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Сулаймановго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Бактыбай уулу Кубанычбек |