Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 12-февралы № 11/1
Чет-Нура айыл аймагынын 2026-жылдагы жыл башынан калган акча каражатын чыгымдоо жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын 2026-жылдагы жыл башынан калган акча каражатын бөлүштүрүү максатында Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет комиссиясынын жана экономиканы өнүктүрүү, ишкердикти колдоо, инвестиция тартуу жана айыл чарба боюнча бөлүмүнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектүү XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жыл башынан калган бюджеттик эсептеги калдык акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын:
№ | Статья | Чыгаша бөлүктүн аткарылышы | Сумма (миң сом) |
1 | 2215 | Башка чыгымдар | 795,7 |
2 | 2222 | Учурдагы чарба максаттары үчүн буюмдарды жана материалдарды башка сатып алуу | 38,9 |
3 | 2231 | Таза суу үчүн төлөмдөр | 319,9 |
4 | 3111 | Имараттар жана курулуштар | 1313,5 |
5 | 3112 | Машиналар жана жабдуулар | 925,8 |
| Жалпы: |
| 3 393,8 |
Баары – 3 393,8 миң сом (үч миллион үч жүз токсон үч миң сегиз жүз сом).
2. Ушул токтом Чет-Нура айыл өкмөтүнүн расмий chetnura.gov.kg веб-сайтка жарыялансын
3. Токтомдун аткарылышын Чет-Нура айыл өкмөтүнүн экономиканы өнүктүрүү, ишкердикти колдоо, инвестиция тартуу жана айыл чарба боюнча бөлүмүнүн башчысы С.Сыдыковага милдеттендирилсин
4. Чет-Нура айылдык кеңешинин жоопту катчысы А.Мамырбеков бул токтомду каттого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулешовго жүктөлсүн.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | С.Бектемир уулу |