Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 12-февралы № 11/4
Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Саз айылдык китепканасы жөнүндө
Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Орто-Саз айылдык китепканасын жоюу же кайра уюштуруу боюнча кайрылуусун карап, айыл башчынын пикирин угуп жана талкуулап, депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектүү XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Саз айылдык китепканасы жоюлбастан, жогорку деңгээлде уюштурулуп натыйжалуу иш алынып барылсын.
2. Орто-Саз айылдык китепкананын натыйжалуу, максаттуу жана ылайыктуу иш баруусун камсыз кылуу жагы китепканачы А.Кулманбетовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулешовго тапшырылсын.
4. Чет-Нура айылдык кеңешинин жоопту катчысы А.Мамырбеков бул токтомду каттого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | С.Бектемир уулу |