Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 12-февралы № 11/6
Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Нура айылындагы «Чоң эне» мектепке чейинки билим берүү уюмунун ай сайын ата-энелер тарабынан тамак аш үчүн чогултуучу акча каражатынын суммасын көбөйтүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Нура айылындагы «Чоң эне» мектепке чейинки билим берүү уюмунун ай сайын ата-энелер тарабынан тамак аш үчүн чогултуучу акча каражатынын суммасын ата-энелер жыйналышынын протоколунун жана бала бакча жетекчилеринин кайрылуусунун негизинде Чет-Нура айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектүү XI сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагындагы Орто-Нура айылындагы «Чоң эне» мектепке чейинки билим берүү уюмунун ай сайын ата-энелер тарабынан тамак аш үчүн чогултуучу акча каражатынын суммасы ата-энелер жыйналышынын протоколунун жана бала бакча жетекчилеринин кайрылуусунун негизинде учурда базар экономикасында баалар кымбаттап тамак-аштын баалары жогорулап жаткандыктан, ата-энелик төлөмдү ай сайын ар бир балага 1200 (бир миң эки жүз) сомдон болуп бекитилсин.
2. Токтомду аткарылышын ишке ашыруу жагы «Чоң эне» мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору В.Токтакуновага тапшырылсын
3. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулешовго милдеттендирилсин.
Төрага | С.Бектемир уулу |