Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 12-февралы № 11/7
Чет-Нура айыл аймагынын Ак-Кыя, Чет-Нура, Орто-Нура, Ак-Булуң, Ийри-Суу, Төш-Булак жана Орук-Там айылдарынын жайыт жерлерин трансформациялоо жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын Ак-Кыя, Чет-Нура, Орто-Нура, Ак-Булуң, Ийри-Суу, Төш-Булак жана Орук-Там айылдарынын 2001-жылы 5-ноябрда Кыргыз Республикасынын Премьер Министринин токтомунун негизинде жайытка өтүп кеткен кайрак-айдоо жерлерди кайрадан трансформациялоо боюнча Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жер адисинин баяндамасын угуп талкуулап Чет-Нура айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектүү XI сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чет-Нура айыл аймагындагы Ак-Кыя, Чет-Нура, Орто-Нура, Ак-Булуң, Ийри-Суу, Төш-Булак жана Орук-Там айылдарынын 2001-жылы 5-ноябрда Кыргыз Республикасынын Премьер Министринин токтомунун негизинде жайытка өтүп кеткен жалпы 1100 га кайрак-айдоо жерлерди кайрадан трансформацияланып, Нарын райондук администрациясы менен биргеликте кайрадан кайрак-айдоо жер аянтына которулсун.
2. Токтомду ишке ашыруу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Асанбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулешовго тапшырылсын
4. Чет-Нура айылдык кеңешинин жоопту катчысы А.Мамырбеков бул токтомду каттого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | С.Бектемир уулу |