Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 12-февралы № 11/8
Чет-Нура айыл өкмөтүнүн атайын каражатынан,
акча каражатын кароо жөнүндө
1. Чет-Нура айыл аймагындагы бала бакчаларга, 2025-жылда ата-эненин салымы (род.взнос) калган атайын калдык акчадан, акча каражатын , төмөндөгү бала бакчаларга 2218 статьясына (тамак ашка) акча каражаты каралып сметасы бекитилип, бөлүнүп берилсин:
Атайын эсептеги калдык 79 700 сом
№ | Бала бакчанын аталышы | Сумма |
1 | «Чон-Эне» Орто-Нура | 18 600 |
3 | “Нур-Байгазак” (Ак-Кыя) | 8 000 |
4 | «Чет-Нура» б/б | 53 100 |
| Жалпы | 79 000 |
2. Токтомдун аткарылышын Чет-Нура айыл өкмөтүнүн экономиканы өнүктүрүү, инвестиция тартуу, ишкердикти колдоо жана айыл чарба боюнча бөлүмүнүн башчысы С. Сыдыковага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулешовго тапшырылсын
4. Чет-Нура айылдык кеңешинин жоопту катчысы А.Мамырбеков бул токтомду каттого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | С.Бектемир уулу |