Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
X чакырылыш
кезектеги XXIII сессия
2026-жылдын 16-февралы №4
Жалал-Абад облусттук өнүктүрүү фондунан Манас шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык мекемесине контейнерлерди сатып алуу боюнча долбоорлорго макулдук берүү жана үлүштүк
каржылоосун бөлүп берүү жөнүндө
Манас шаарынын мэриясынын 03.02.2026-жылдагы чыг.№01-18/551 сандуу катын шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги ХXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусттук өнүктүрүү фондунан Манас шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык мекемесине контейнерлерди сатып алуу долбоорунун сметалык баасы 13 920 000 (он үч миллион тогуз жүз жыйырма миң) сом түзгөн долбоорго макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад облусттук өнүктүрүү фондунан Манас шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык мекемесине контейнерлерди сатып алуу долбоордун жалпы суммасынан 20% тактап айтканда 2 784 000 (эки миллион жети жүз сексен төрт миң) сом акча каражатын Манас шаарынын жергиликтүү бюджетинен үлүштүк каржылоого каралган акча каражатынан бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Манас шаарынын мэриясына (Э.Ормоков) жогорудагы долбоорду ишке ашыруу боюнча мыйзамдын талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кенештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирсин.
Төрага | Болотов Н.Б. |