Редакцияот 22.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

15-сессия

22-сентябрь 2023-жыл №90/XV-28

 

Кант шаарынын таштанды жайына катуу калдыктарды кабыл алуу жана чыгарууга көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифин бекитүү жөнүндө

Кант шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, Кант шаардык мэриясынын 2023-жылдын 31-июлундагы №01-14/603-таштанды жайына катуу калдыктарды кабыл алуу жана чыгарууга көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифин бекитүү жөнүндө катын карап чыгып

 

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Таштанды жайына катуу калдыктарды кабыл алуу жана чыгарууга көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифи тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кант шаарынын мэри У.Б.Майлибашев:

- катуу калдыктарды кабыл алуу жана чыгарууга көрсөтүлүүчү кызматтарды колдонуучулар менен келишимдерди түзүү 01.11.2023-ж. чейин камсыздалсын;

- Ысык-Ата районунан тышкаркы субъекттерге катуу калдыктарды кабыл алуу жана чыгарууга көрсөтүлүүчү кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салынсын;

- аткарылышынын тууралыгы кынтыксыз сакталышына чара көрүлсүн;

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Талантбек у.Каниет) жана шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Сармолдоеву А.Ш.) жүктөлсүн.

 

 

Төрага

М.Бейшебаев