Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
X чакырылыш
кезектеги XXIII сессия
2026-жылдын 16-февралы №5
Манас шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестрин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Мыйзамынын 5-беренесинин 8-пунктунун негизинде, Манас шаарынын мэриясынын 23.01.2026-ж. чыг.№01-18/344 санду каты Манас шаардык депутаттар кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, комиссиянын корутундусунун негизинде Манас шаардык депутаттар кеӊешинин кезектеги ХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча реестри №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Манас шаардык кеңешинин 28.05.2018-жылдагы кезектеги VIII сессиясынын №7-токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Манас шаарынын мэриясына базалык муниципалдык кызматтардын реестрин КРнын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад областтык бөлүмү аркылуу макулдашуу жагы милдеттендирилсин жана өз ишмердүүлүгүндө бекитилген Манас шаарынын аймагындагы муниципалдык кошумча реестринин негизинде иш жүргүзүү жагы сунушталсын.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кенештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирсин.
Төрага | Болотов Н.Б. |
|
Манас шаардык кеңешинин “16”-февраль 2026-жылдагы кезектеги XХIII сессиясынын №5-токтомуна 1-тиркеме
|
Манас шаарынын мэриясынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан кѳрсѳтүлүүчү
муниципалдык кызматтардын кошумча Реестри
№ | Муниципалдык кызматтардын аталышы | Муниципалдык кызматтарды аткаруучулардын аталышы | Муниципалдык кызмат кѳрсѳтүү шарттары (акылуу/ акысыз) |
1. Социалдык кызматтар | |||
1. | Мүмкүнчүлүгү чектелген аз камсыз болгон жарандарга логопеддин жана массаж кызматын кѳрсѳтүү | Манас шаарынын мэриясынын үй бүлѳгѳ жана балдарга жардам Кайрымдуулук борбору | акысыз |
2. | Оор кырдаалга кабылган үй бүлѳлѳргѳ жана балдарга психологиялык жана юридикалык социалдык жардам кѳрсѳтүү | Манас шаарынын мэриясынын үй бүлѳгѳ жана балдарга жардам Кайрымдуулук борбору | акысыз |
3. | Аз камсыз болгон үй бүлѳлѳрдү отун жана кѳмүр менен камсыздоо | Манас шаарынын мэриясынын Жашылдандыруу жана кѳрктѳндүрүү чарбасы, Манас шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы | акысыз |
2. Муниципалдык жана жеке менчик объектилерге укугун аныктоо жана сунуштоо тармагындагы кызматтар | |||
4. | Муниципалдык жеке менчиктеги объектини ижарага алуу келишиминин кѳчүрмѳсүн же ага кошумча макулдашуу алуу | Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгы | акылуу |
5. | Турак жай үчүн берилген ордердин дубликатын берүү | Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгы | акылуу |
6. | Жер тилкеси үчүн ижара акысы боюнча карызы жок экендиги жѳнүндѳ тактама берүү | Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы | акылуу |
7. | Объектинин баланста тургандыгы жѳнүндѳ тактама берүү | Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгы | акылуу |
8. | Батирди менчиктештирүү мезгилиндеги үй бүлѳ курамы жѳнүндѳ тактама берүү | Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгы | акылуу |
9. | Муниципалдык автобазардан автоунаалар үчүн убактылуу жайларды берүү, тактама берүү | Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгы | акылуу |
3. Маданий кызматтар | |||
10. | Үн чыгаруучу аппаратуларды берүү | Манас шаарынын мэриясынын маданият бѳлүмү | акылуу |
11. | Манас шаарынын жыйындар залдарын массалык-маданий иш чараларды,окуу-тренингдерин ѳткѳрүү үчүн берүү | Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгы | акылуу |
4. Билим берүү кызматтары | |||
12. | Муниципалдык балдар эс алуу жайында аз камсыз болгон үй бүлѳлѳрдүн балдары үчүн жайкы эс алуу уюштуруу | «Алтын балалык» эс алуу жайы | акысыз |