Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XII сессиясы
2026-жылдын 25-марты № 93
Акча каражатын суроо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39- беренелерин жетекчилике алып, айылдык кеңештин финансы, экономикалык маселелер, инвестиция тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун “Кызыл-Октябрь- Ийгилик” муниципиалдык ишканасына мезгилдин талабына ылайык таштанды ташуучу атайын автоунаа алууга, Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан акча каражатын суроо жөнүндөгү сунушун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл амагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты суралсын.
2. Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 1 700 000 (бир миллион жети жүз) миң сом өздүк каражаттан берилсин.
3. Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, инвестициялар тартуу жан ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (Б. Усеновго) жуктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |