Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XII сессиясы
2026-жылдын 25-марты № 94
Айылдык кеңешинин 2023- жылдын 18- январындагы № 74 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин №26 Мыйзамынын 74-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39- беренелерин жетекчилике алып, Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Өзгөн району боюнча башкармалыгынын 2026- жылдын 24- февралындагы № 01-01-8/ 170 сандуу катын аткаруу максатында, айылдык кеңештин финансы, экономикалык маселелер, инвестиция тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековдун маалыматын угуп, берилген материалдар менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл амагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2023- жылдын 18- январындагы № 74 сандуу токтомунун 2- пунктуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин жана төмөндөгүдөй баяндалсын.
2. Айыл аймагына караштуу мекеме-уюмдардын ишканалардын жана соода-түйүндөрүндө иштешкен ар бир жаранга таштанды чыгаруунун төлөөмү 100,0 (жүз) сомдон деп бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин № 26 Мыйзамынын 76-беренесинин 3- пунктуна ылайык, таштандыларды ташып чыгаруу боюнча жыйымдардын төлөмүнүн мөөнөтү ар бир жылдын 01- апрель айына чейин деп белгиленсин.
4. Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.
5. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, инвестициялар тартуу жан ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы ( Б. Усеновго) жуктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |