Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XII сессиясы
2026-жылдын 25-марты № 95
Баш пландын иш кагаздарын даярдоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Колексинин № 149 Мыйзамынын 21- беренесинин 3-пунтктуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39- беренелерин жетекчилике алып, Гүзар айылынын калкынын ичүүчү таза суу менен жана санитардык жактан жалпы камсыздоо проектисинин негизинде, ошондой эле Гүзар айылынын мурда Баш планы болбогондугуна байланыштуу, айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана Баш планга иш кагаздарын даярдоо максатында, айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун сунушун угуп берилген материалдар менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл амагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Гүзар айылынын калкынын ичүүчү таза суу менен жана санитардык жактан жалпы камсыздоо проектисинин негизинде, ошондой эле Гүзар айылынын мурда Баш планы болбогондугуна байланыштуу, Баш планга иш кагаздарын даярдоого макулдук берилсин.
2. Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына (А. Шадмановго) жуктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |