Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XII сессиясы
2026-жылдын 25-марты № 96
Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы калкынын агын суу менен
камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө тарифтерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Суу Кодексинин № 151 Мыйзамынын редакциясынын 2- беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39- беренелерин жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын суу ресурстары айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жай Министрлигинин катын аткаруу максатында, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдарындагы агын сууга төлөнүүчү тарифтерин жылына 1 га жер аянтына 2000 (эки миң) сомго бекитүү жөнүндөгү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун сунушун угуп, берилген материалдар менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл амагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдарындагы агын сууга төлөнүүчү тарифтерин жылына 1 га жер аянтына 2000 (эки миң) сом деп бекитилсин.
2. Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго жана “Кызыл-Октябрь-Ийгилик” МИ жетекчиси Н. Темировго милдеттендирилсин.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, инвестициялар тартуу жан ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы ( Б. Усеновго) жуктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |