Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XII сессиясы
2026-жылдын 25-марты № 97
Муниципиалдык менчике алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин № 149 мыйзамынын 21-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелерин жетекчилике алып, айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун Куршап дарыясынын жээгинде жайгашкан № 646 контурдагы 1,0 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине алуу жөнүндөгү сунушун угуп, берилген материалдарды карап талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Куршап дарыясынын жээгинде жайгашкан № 646 контурдагы 1,0 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
2. Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына (А. Шадмановго) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |