Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XII сессиясы
2026-жылдын 25-марты № 98
Беш-Абышка айылындагы ФАП ка маркум Айылчиева Саитбүнүн ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39- беренелерин жетекчилике алып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу, Беш-Абышка айылындагы ФАП ка маркум Айылчиева Саитбүнүн ысмын ыйгаруу жөнүндө Беш-Абышка айылынын тургундарынын 2026-жылдын 09- мартындагы элдик жыйындын протоколдорун жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл амагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Беш-Абышка айылындагы ФАП ка маркум Айылчиева Саитбүнүн ысмын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Беш-Абышка айылынын айыл башчысы Н. Мамасеит уулуна жана Саитбү эненин уул кыздарына сунушталсын.
3.Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына төрайымы (У. Султановага) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |