КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
15-сессия
22-сентябрь 2023-жыл №83/ХV-28
Кант шаарынын мэриясынын бюджетинин ашыкча толтурулган бөлүгүнөн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, ошондой эле Кант шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 10-июлундагы №01-14/585 Кант шаарынын мэриясынын бюджетинин ашыкча толтурулган бөлүгүнүн эсебинен 20040,9 ( жыйырма млн кырк миң тогуз жүз) сом акча каражатын бөлүү жөнүндөгү катын карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык мэриясы бюджеттин ашыкча толтурулган бөлүгүнүн эсебинен 20040,9 ( жыйырма млн кырк миң тогуз жүз) сом акча каражатын чыгымдардын төмөнкү түрлөрүнө бөлүштүрсүн:
2. Кант шаарынын тазалоочу курулмаларынын учурдагы абалын изилдөө боюнча кызматтарына, алардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча зарыл чаралар жөнүндө корутунду берүү жана аларды модернизациялоо боюнча долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууга - 4000,0 (төрт млн) сом;
3. Кант шаарынын 2-кичирайонунда жайгашкан «Гаражная» курулмасын тазалоо боюнча кызмат көрсөтүүгө -1500,0 (бир миллион беш жүз миң) сом;
- шаардык маданият үйүнө жабдууларды сатып алууга - 150,0 (жүз элүү) миң сом;
- райондук маданият үйүн борбордук канализацияга кошуу үчүн курулуш иштери жүргүзүүгө - 100,0 (жүз) миң сом;
- А.Тойтоев атындагы Маданият сарайы үчүн курулуш материалдарын сатып алууга - 100,0 (жүз) миң сом;
- Кант шаарынын мэриясынын имаратын оңдоо иштерине - 1606,0 (бир миллион алты жүз алты) миң сом.
- Кант шаарынын жолдорун оңдоого 12584,9 (он эки миллион беш жүз сексен төрт миң тогуз) сом.
2. Бул токтомдун аткарылышы жөнүндө 2023-жылдын 01-декабрына чейин Кант шаардык кеңешине маалымат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Талантбек у. К.) жүктөлсүн.
Төрага | М.Бейшебаев |