Редакцияот 19.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

16-сессия

 

19-декабрь 2023-жыл №92/ХVI-28

 

Акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

Шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, ошондой эле Кант шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 25-ноябрындагы №01-14/868 – Кант шаардык мэриясынын бюджетинен 29500,0 (тогуз млн беш жүз миң) сомду бөлүштүрүү жөнүндөгү катын карап чыгып

 

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кант шаарынын мэриясы 29500,0 (тогуз млн беш жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын Кант шаарынын инфратүзүмүн жана мекемелерин жакшыртууга багытталган төмөнкүдөй иш-чараларды жүзөгө ашырууга бөлүштүрөт:

-16423,0 (он алты миллион төрт жүз жыйырма үч миң) сом - республикалык бюджеттен максаттуу трансферт (салыктык жоготуудан) төмөнкү долбоорлорго чегерилсин:

- Куренкеева көч.  асфальттоого;

-БББнун имаратынын класстык бөлмөлөрүн оңдоого;

- спорт комплексинин суу тутумдарын оңдоого (3-к.р.)

-Канттагы саркынды сууларды тазалоочу жайдын административдик имаратынын эшиктерин алмаштырууга;

- №2-КЖББОМГсын курчоого;

- 16500,0 (он алты миллион беш жүз миң) сом акча каражаты төмөнкү бөлүмдөр боюнча жылдырылсын (кыскартылсын):

 

- ТЖКЧ бөл. 3111-бер. -9600,0 (тогуз млн алты жүз миң ) сом

- Мектептен тыш. бөл. 2221-бер. -1500,09 ( бир млн беш жүз миң тогуз жүз) сом

- ТЖКЧ бөл. 2211-бер. -4000,09( төрт млн тогуз жүз) сом

- КЖББОМ бөл. 2221-бер. -1400,0 (бир млн төрт жүз миң) сом

жана  төмөнкү жумуштарга жумшалсын:

-2000,0 (эки млн) сом- көчөлөрдү кооздоп жарыктандырууга.

-300,0 (үч жүз миң)сом – семинарларды өткөрүүгө.

-200,0 (эки жүз миң)сом - Коян ш. (Корея) бокс фестивалына катышууга.

-10000,0 (он млн)сом – ДПД.

-4000,0 (төрт млн) сом – Кант шаарындагы билим берүү мекемелеринин, “Кант-Тазалык” ишканасынын, Кант шаарындагы ҮДТлардын кызматкерлерине бир жолку материалдык сыйлоо төлөмүнө.

-13000,0 (он үч миллион) сом – 2023-жылдын башына болгон калдык (№4-КЖББОМГнын башталгыч мектебинин кошумча имаратынын курулушу жылдырылгандыгына байланыштуу мидеттендирилген багыты өзгөртүлсүн) “Кант-Тазалык” МИна жабдыктарды сатып алууга жумшалсын:

-12000,0 (он эки млн)сом – жол жасоого атайын техникаларды алуу.

-1000,0 (бир млн)сом – атайын техникаларды алуу (электроматороллер )

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Талантбек у. К.) жүктөлсүн.

 

 

Төрага

М.Бейшебаев