Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-январы № 2
Муниципалдык кызматчылардын эмгек акысына үстөк акыларды белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №433 4-пункту “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна ылайык, Курама айылдык кеңешинин X-чакырылышынын 1-кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарына үстөк акылар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 4-пунктуна ылайык бекитилсин (тиркеме 1ге ылайык).
2. Курама айыл өкмөтүнүн жетекчинин катчысына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №433 4-пунктуна ылайык эмгек акыга кошумча 7000 (жети миң) сом өлчөмүндө ай сайын үстөк акы (тамак-аш жана жол кире үчүн) белгиленсин.
3. Бул кошумча үстөк акылар айыл өкмөтүнүн эмгек акы фондунун жана бекитилген бюджеттин чегинде төлөнсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Бейсембаевага жана Курама жергиликтүү кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрагасы Э.Т.Абдрахмановго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| А.К. Джумагулов |