Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз XII сессиясы
2026-жылдын 25-марты № 99
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Аксакалдар сотторунун курамын жана Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39- беренелерин жетекчилике алып, “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына Аксакалдар сотторунун ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин 2024- жылдын 17- декабрындагы № 01-25/ 342 буйругун аткаруу максатында, айыл аймагынын Аксакалдар сотторунун төрагасы Э. Насиевдин сунушун угуп, берилген материалдар менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл амагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Аксакалдар сотторунун курамы жана Регламенти алымча кошумчасы менен бекитилсин.
2. Аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүнө жакындан жардам берүү жана тиешелүү материалдык колдоо көрсөтүү жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Г. А. Токтомуратовага жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |