Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
X чакырылыш
кезектеги XXIII сессия
2026-жылдын 16-февралы №4
Манас шаарындагы жеке менчик жер тилкелеринин
укуктук зонасын өзгөртүү жөнүндө
Манас шаарынын мэриясынын 22.01.2026-жылдагы чыг.№01-18/312 жана 11.02.2026-жылдагы чыг.№01-18/761 сандуу каттары жана ага тиркелген иш кагаздары, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринин негизинде, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын Э.Мурзабеков туюк көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан Э.Бегимкуловго таандык 260,0 чарчы метр жеке менчик жер тилкесин С-4 (суу топтоо зонасы) укуктук зонасынан “Ж-2” (аралаш турак-жай) укуктук зонасына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Манас шаарынын Т.Байзаков проспектисинин №195 дарегинде жайгашкан А.Машраповага таандык 630,0 чарчы метр жеке менчик жер тилкесин П-1 (өндүрүштүк зонасы) укуктук зонасынан Ж-1 (турак жай) укутук зонасына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3. Манас шаарынын мэриясына, Манас шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Манас шаардык филиалына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган “Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Болотов Н.Б. |